03/04/2026 | Press release | Distributed by Public on 03/04/2026 07:11
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы жана санарип финансылык технологиялар боюнча комитетинин 2026-жылдын
27-февралындагы токтому менен «Регионалдык төлөм системалары» («РПС») ЖЧКнын атайын жөнгөсалуу режими аяктап, анын алкагында берилген № 7002260821 лицензиянын колдонуу мөөнөтүтоктотулган.
Атайын жөнгөсалуу режими электрондук акча чыгаруу (эмиссия) операцияларына жана банктык карттардын эквайрингине тест жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Ийгиликтүүжүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы жана санарип финансылык технологиялар боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-февралындагы токтому менен «Система Квикпэй» ЖЧКнын атайын жөнгөсалуу режими аяктап, анын алкагында берилген № 7004160424 лицензиянын колдонуу мөөнөтүтоктотулган.
Атайын жөнгөсалуу режими электрондук акча чыгаруу (эмиссия) операцияларына тест жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Ийгиликтүүжүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.