09/16/2026 | Press release | Distributed by Public on 09/16/2026 03:14
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен көзөмөл технологияларын (SupTech) 2026-2031-жылдарга өнүктүрүү Концепциясы жана жол картасы бекитилди.
SupTech (Supervisory Technology) - жасалма интеллект, машиналык окутуу жана чоң маалыматтарга негизделген процесстерди автоматташтыруу жана санарип инструменттерди киргизүү боюнча бир катар демилгелерден турган долбоорлор программасы. Мындай программалар дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн финансылык жөнгө салуучу органдарында ишке ашырылып жатат жана жөнгө салуу практикасын өнүктүрүүнүн жалпыга бирдей кабыл алынган стандарты болуп калды.
SupTech программасы бири-бири менен байланышкан демилгелерди камтыйт: маалыматтарды чогултууну жана аналитиканы кеңейтүү, санарип инструменттерди киргизүү, электрондук лицензиялоо, процесстерди автоматташтыруу, маалыматтарды башкаруунун корпоративдик системасын түзүү, кызматкерлердин санарип компетенцияларын өнүктүрүү жана кибертуруктуулукту чыңдоо.
Программа банк сектору үчүн өзгөчө практикалык мааниге ээ. Санарип инструменттерди киргизүүдө банктардын жөнгө салуучу орган менен лицензиялоодон тартып кылмыштуу ишмердикти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүталаптарын сактоого чейинки кеӊири чөйрөдөгү жол-жоболор боюнча ачык-айкын, тез жана алдын ала болжолдоо мүмкүндүгү менен өз ара иш алып баруусуна шарт түзүлөт.
Программанын алкагында киргизилип жаткан бирдиктүү санарип стандарттар көзөмөлдөнүүчү уюмдардын маалыматтык системаларынын Улуттук банктын инфраструктурасы менен интеграциясын жеңилдетүүгө жана мындан аркы санариптик өз ара аракеттенүү үчүн бирдиктүү технологиялык негиз түзүүгө багытталган.
SupTech программасын ишке ашыруу бардык көзөмөлдөнүүчү уюмдардын ачык-айкын, тез жана ыңгайлуу өз ара иш алып баруусуна багытталган санариптик, аналитикалык көзөмөлгө карай жасалган кадам болуп саналат.