07/29/2026 | Press release | Distributed by Public on 07/29/2026 05:42
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ислам каржылоо принциптери боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары - токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 13-августунан кечиктирбестен [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.